Жаңылыктар / 13.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

972

Жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлган доо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы билдирүү таратты. Матраимовдордун адвокаты болсо соттон ЖМКлардын эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууну өтүндү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынды. Ал Кой-Таш окуясы боюнча «барымтага алуу» жана «массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренелери боюнча айыпталууда.

«Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди. Тиешелүү комитеттин отуруму Колумбиянын Богота шаарында өттү.