Жаңылыктар / 13.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

997

Оштун Кара-Суу районунда чакалайдын чак түшүндө акча алмаштыргандарга курал такап, тоногондор колго түштү. Аларды кармоо учурунда бир унаа өрттөнүп, курал-жарактын түрлөрү алынды.

Бишкекте көчө шыпырып жатканда унаа сүзүп кеткен кызматкердин сөөгү жерге берилди. Артында алты баласы калды. 4 жыл мурда агасы дагы көчө шыпырып жүргөндө унаанын алдында калып каза тапкан.

БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча расмий жыйынтыктарды чыгара баштады. Жеңүүчүлөр арасында убагында «коррупцияга» айыпталгандар, жарандыгынан шек саналгандар да бар.

Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын элинин нааразылыгынан улам алтын казган «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын иши убактылуу токтоду. Жол тоскон жергиликтүүлөр маселе оң жыйынтык бергенде гана боз үйлөрдү чечип кетерин билдиришти.