Жаңылыктар / 14.01.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1083

Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады. Анда тилкелерди алмашуу жолу менен маселени чечүү сунушталууда.

Парламенттик шайлоо жакындаганы партиялардын тизмеси узарууда. Бүгүнкү күнү саясий бирикмелердин саны 300гө чукулдаган. Бирок жыл башынан бери түзүлгөндөр саясий өнөктүккө катыша албайт.

Бишкектеги №3 балдар ооруканасында бир келиндин кол салуусуна учураган дарыгер кызматтан кетмей болду. Мындай кадамга ал өз коопсуздугу үчүн барып жатыптыр.

Жылкы, кийиз жана Ысык-Көл. Өкмөт булардын ар бири боюнча өзүнчө музей ачууну сунуштап жатат.