Жаңылыктар / 14.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1081

Апрель айында Кыргызстанда кайрадан кош шайлоо өтөбү? Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору бир айда даяр болушу күтүлүүдө. Аны кабыл алуу убактысы жергиликтүү шайлоолор менен тушташ келиши ыктымал.

Биринен кутула албай жатканда — экинчиси. Өлкө дарыгерлерин коронавирустун «Британ» штаммын алган агресивдүү жаңы түрү өтө кооптондурууда. Ал арада вакцинаны сактоонун айласы табылбай жатат.

Маданияттын айрым өкүлдөрү өз «чекилигин» көрбөй жатабы же мамлекеттик сыйлыктар оңду-солду таратылып калганбы? Чуулгандуу программанын авторлорун сыйлыктарынан ажыратуу демилгеси коомчулукту экиге бөлдү.

Чалкыган көлдүн фонундагы Ала-Тоо кыркалары, алтын нурун чачыраткан күн жана канатын жайган ак шумкар. Мамлекеттик гербге 27 жыл толду.