Жаңылыктар / 14.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1551

Казакстанга жардамга барган кыргызстандык 150 жоокер кайтып келди. Аскер кызматкерлерин тосуп алуу салтанаттуу түрдө өттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берди. Эл өкүлү кыргыз-тажик чек арасындагы бир участокко байланыштуу козголгон кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө.

Кыргызстанда тоют кымбаттады. Чүйдө беденин бир таңгагы — 450 сомго чейин жетсе, силостун тоннасы 10 миң сомго чыкты. Дыйкандар жазда жут башталышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Экономика министрлиги унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин акы төлөп, караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады. Жарандык активисттер бул жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келет дешүүдө.