Жаңылыктар / 14.02.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

443

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн кескин чаралар. Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарында иштегендердин мыйзамсыз акча табуу мүмкүнчүлүгү чектелет. Бул боюнча президент бардык күч түзүмдөрүнө тапшырма берди.

Ысык-Көлдө пансионаттарда өрттү атайылап бирөө уюштуруп жатабы? Төрт күн ичинде үч коттедж күйүп, бир адам каза тапты. Депутаттар криминалдык дүйнөнүн мүчөлөрүнөн көрүп жатышат.

Жол кырсыгында бир бутунан ажыраган наристенин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн оор процедуралар жасалышы керек. Аварияда аялынан айрылып, жалгыз баласы майып болуп калган ата коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Экономика министри элдин эсебинен кыргыз тилин үйрөнөбү? Артем Новиковго мамлекеттик тилди үйрөткөн мугалим айлыкты бюджеттен алат.