Жаңылыктар / 14.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

733

Бишкек ТЭЦине алынган жабдуулардын баасы эмнеге бир нече эселеп көбөйтүлгөн? Майда шаймандардан тарта трансформаторго чейин өтө кымбат көрсөтүлгөнү ачыктала баштады.

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы финансылык бузууларды табуу ашыкча чыгымды талап кылууда. Өкмөт мекемени текшертүү үчүн эл аралык аудитордук компания издеп жатат.

Каракчы кыздар көбөйүүдө. Бишкекте бир үй-бүлөнү эки жолу тоногон кыздардын дагы бир тобу кармалды.

7 жаштагы кызды токмоктогон өгөй эне камакка алынды. Шектүүнүн ымыркайлары балдар үйүнө которулду.