Жаңылыктар / 14.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1052

Жогорку Кеңештин төрт депутаты жасалма дипломго шек саналууда. Жогорку окуу жайында окуп билим алганы тууралуу документи күмөн жаратып жаткан кызматкерлердин жалпы саны болсо 90го чукулдады. Алардын 16сы кызматын тапшырып берген.

Валюта рыногундагы олку-солкулуктун кесепетин азайтуу аракети. Кыргызстан сом менен рублдин курсун долларга карап аныктоо тажрыйбасына өттү. Андан кандай пайда болот?

Базардагы дүрбөлөң жана айрым товарлардын кымбатташы. Айыл-чарба министрлиги өлкөдө азык-түлүктүн запасы жарым жылга жетерин айтып, элди ашыкча сатып алуулардан карманууга чакырууда.

Саламаттыкты сактоо тармагында дагы бир илимий борбор жабылып, анын жетекчиси иштен алынды. Ал эми жакында эле түзүлгөн Тез жардам клиникасы ишин баштай албай жатат.