Жаңылыктар / 14.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1862

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы акыркы чыр-чатак учурунда кошумча тартылган күч жана каражаттарын 2 күн аралыгында артка кайтарып кетет. Эки тарап дагы бир топ пункттар боюнча макулдашып, протоколго кол коюшту.
Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги «Манас айылы» маданий жайынын жери боюнча билдирүү таратты. Манасчы Дөөлөт Сыдыков комплекстин жерин басып алуу аракеттери жүрүп жатканын айтып чыккан болчу.
Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши мыйзам бузгандарга карата “кызыл желек” системасын киргизүүнү сунуштоодо. Бул сапариптик платформага жемкорлукка айыпталгандар киргизилип, алар чет өлкөлөргө чыгып кете албай калышат.
Депутаттар Министрлер кабинетинен кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүүнү дагы талап кылышты. Андагы кезектин узундугу 5-6 чакырымга чукулдап, айрым өндүрүмдөр бузула баштаганы айтылды.