Жаңылыктар / 14.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1536

Өкмөттүн курамында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр. Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалды.

Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков экинчи жолу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берди. Бул ирет Исаков тергөөчүлөрдүн кайсы суроолоруна жооп берди?

Лейлек жана Аксы райондоруна «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Буга аймактарда нөшөрлөгөн жамгырдын селге айлануусу себеп болду.

Ошто 1,5 ай мурда эле пайдаланууга берилген жайкы сахна талкалана баштадыбы? Жергиликтүү тургундар нааразы болсо, мэрия өкүлдөрү обьекттин сапатында кынтык жок дешүүдө.