Жаңылыктар / 14.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1288

Үч чоң шаарда кайра шайлоо качан өтөт? 11-апрелдеги саясий өнөктүктө уткан дагы, утулган дагы партиялар кайра добуш берүүгө камына баштады. Өткөндөн сабак алыштыбы? Кийинкиде добуштар сатылбай, өнөктүк таза өтөбү?

Бишкекте 2 аялды мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип 16 жаштагы бала кармалды. Эне-кыздын бычакталышына ортодогу пикир келишпестик себеп болгону айтылууда.

Чүйдө курулуш материалдарын жана кийим-кече саткан ири дүкөн өрттөндү. Учурда кырсыктын кесепеттери жана себеби такталууда.

Аба ырайы туруксуз болгондуктан жазгы талаа жумуштары кечеңдеди. Мунун кандай кесепеттери болушу мүмкүн?