Жаңылыктар / 14.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

593

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча сурак бергендердин катарына жаңы адамдар кошулууда. Кечээ өкмөттүн мурдагы эки жетекчисине тергөөчүлөр суроо беришти.

Жол куруу, контрабандага каршы күрөшүү жана инвестиция тартуу жаатында өткөн жылдагы иш начар болгон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешке отчет берди.

Эми табигый кырсыктарда материалдык чыгымга учургандарга мамлекет тарабынан компенсация төлөнбөйт. Жардам алыш үчүн жарандар үйлөрүн камсыздандыруусу керек.