Жаңылыктар / 14.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1013

Адамдын мыйзамдуу укуктарын бузган кара мүртөздүк, кишини кыйноого тете мамиле. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго жубайы жана уулу менен кездешүүгө уруксаат берилбей, тергөөчүлөр акылга сыйбаган шылтоону айтышууда.

Үрөй учурган жол кырсыктары. Өткөн дем алыш күндөрү болгон 3 ири авария 16 адамдын өмүрүн алды. Президент Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл да чет элдик мусулмандар Меккеге ажылыкка бара алышпайт. Сауд Арабиянын бийлиги өлкөдө жашаган 60 миң адамга гана зыярат кылууга уруксат бергени маалым болду.

Кан берген — жан бергенге барабар. Кыргызстанда кан донорлорунун күнү белгиленди.