Жаңылыктар / 14.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

608

Биз айткан талапкерге добуш бербесен, эшикке чыгып кет! Парламент депутаттары Жогорку окуу жайларда ушундай сөздөр айтылып жатканына нааразы!

Араван районундагы жергиликтүү аткаминердин «Кудайды айтып коркутуп, тургундарды белгилүү бир талапкерге ачык үгүттөө» фактысын Боршайком териштирет.

Журналисттердин маалымат алуу укугун чектеп, сессияны токтоткон Кара-Кол шаарынын мэри Эркеевдин жоругу Жогорку Кенеште каралат. Медиа эксперттер, журналистти куугунтукка алган аткаминерди жазалоону талап кылышууда.

«Таза шайлоосуз таза коом жок!». Кыргыз саясатынын аксакалдары, шайлоодо ыплас ыкмалар колдонулса коомдук пикир жаратып, легитимдүүлүк маселесин көтөрүшөт!