Жаңылыктар / 14.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

816

Тергөө абагына киргизилген экинчи экс-судья. Аламүдүн райондук сотунун мурдагы судьясы махинацияга шектелип, камакка алынды. Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатканда кармалды.

Борбордо «желимдей чоюлган» шайлоо тилкелери. Бишкектеги шайлоо участкаларында форма-2 менен катталгандар рекорд коюуда. Бул көрсөткүч шайлоонун жүрүшүнө кедергисин тийгизиши мүмкүнбү?

Өлкөдө музей, китепканалар жана айрым аба каттамдары ишин жандантты. Ал эми кафе-ресторандардын ээлерине талаптар катуулады. Алар базар, ири соода түйүндөрү иштеп жатканда, тойлорго тыюу салуу максатка туура келбейт дешүүдө.

Айлин, жаша! Кан рагына кабылган сегиз айлык чүрпөгө жардам керек. Ата-энеси жумурай журтка кайрылууда.