Жаңылыктар / 14.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1121

Октябрдан тарта ишкерлер үчүн электр жарыгынын баасы 5 сомго чейин көтөрүлөт. Энергетика министрлиги сунуштаган жаңы тариф саясатына Экономика министрлиги менен бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү каршы чыгышты.

Кыргызстанда уран жана торий иштетүүгө кайрадан уруксат берүү пландалууда. Бул демилге 2 жыл мурда нааразычылык акциясына чыккан жарандык активисттерди түйшөлтүүдө.

Акыркы бир жумада кийим-кече жана кеңсе буюмдарын саткан базарларда соода кызыды. Балдарын мектепке даярдаган ата-энелер эмнеге нааразы?

Кызыл килемден өткөн коноктор, алыстан келген калыстар тобу. Бишкекте «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» эл аралык кино фестивалы башталды.