Жаңылыктар / 14.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

303

Кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча соттук жыйынга катышуудан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы баш тартты. Отурум жылдырылды.

Инспекторлордун буйругуна баш ийбей, тартип сакчынын тапанчасынан ок жеген айдоочунун эч кимге дооматы жок экен. Ал өзү азыр ооруканада.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бакуга учуп барды. Анын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.

Бишкектин Жал кичи районунда аёсуз сабалгандар биринчи топтогу майып болуп калышы ыктымал. Туугандары алардын психикалык абалдарына кооптонуп жатышат.