Жаңылыктар / 14.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1260

2-3 айылды электр кубаты менен камсыздай алган Сокулук ГЭС-2 ишке кирди. Ачылыш аземине катышкан президент Садыр Жапаров ишкерлерди энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.

Жогорку Кеңештеги бир депутаттык орун үчүн 10 талапкер ат салышууда. Бир мандаттуу шайлоо округунан арыз берген аял талапкерлердин эң көбү Ысык-Көлдө болсо, Таластан бир да кыз-келин чыккан жок.

Ноокат шаарынын мэри менен калаа кеңешинин депутаты колго түшүрүлдү. Жооптуу кызматта иштеген бул адамдар өлкөгө 15 миллион сомдой зыян келтирген деп айыпталууда.

Пандемиядан кийин ишсиз калган аялдарды колдоо. Бишкекте социалдык долбоор иштеп жатат. Уз-чеберлер эмгектерин чет өлкөгө интернет дүкөндөрү аркылуу сатууга киришти.