Жаңылыктар / 14.11.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

434

3 жаңы министр Жогорку Кеңеште ант берди. Президент Сооронбай Жээнбеков алардын антын кабыл алып жатып, жаш жетекчилерди азыраак уктап, көп иштөөгө чакырды.

Мамлекеттик мекемелер бала бакчалардын имараттарын ээлеп жатканына депутаттар нааразы. Парламентте билим берүү уюмдарынын имараттарынын абалы талкууланды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду кимдер сыйлык сурап тажатты? Жаш жетекчи аларга атайын кайрылуу жасады.

Маданиятка зор салым кошкон Болот Шамшиевдей инсандар бааланбай жатабы? «Кыргыз кереметин» жараткандардын бирине — Кыргыз Эл баатыры наамын берүү сунушталып жатат.