Жаңылыктар / 14.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1867

Бир миң долларга жалданган киллерлер кытайлык ишкер Айеркен Саимаити 1 миллион 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүшкөн. Ал арада Каттоо кызматы шектелгендер Кыргызстандын жарандары эместигин билдирди.

Стамбул шаарындагы Кыргызстандын экс-башкы консулу Эркин Сопоков из жашырып качып кеттиби? Тышкы иштер министрлиги соцтармакта тараган кабар боюнча жооп берди.

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизиши ыктымал. Кошуна өлкөдөн ташылган жашылча-жемиштер карантиндик талаптарга жооп бербей жатат.

Шалаакылыктан өлкө бюджетине келтирилген чыгым 14 миллион доллар. Тыштан алынган кредиттерди убагында өздөштүрбөгөнү үчүн кайсы аткаминерлер жооп берет?