Жаңылыктар / 14.12.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

465

Өмүрбек Бабановду коргоо комитетин түзүү сунушталууда. Бул демилгени экс-депутаттын үзөңгүлөштөрү жана өлкөдөгү активдүү жаштар колдоп жатышат.

Транспорт жана жолдор министри президенттен кагуу жеди. Мамлекет башчы Жамшитбек Калиловду иштен убактылуу четтетүүнү өкмөт башчыга тапшырды.

Кызмат учурунда таяк жеген инспектор ооруканада. Бирок бийлик өкүлүнө кол салган адам соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Биологиялык активдүү кошулмалардан 7 жашар кыздын жабыркаганы айтылууда. Өлкөдө коопсуздук нормаларына дал келбеген кошулмаларды сатууга тыйуу салынган.