Жаңылыктар / 14.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

867

Өрт кырсыгы 25 жаштагы келин менен анын 3 кичинекей баласынын өмүрүн алды. Новопокровка айылындагы окуяга шектелип, бир жаран кармалды.

Миң киши чогултуп той берген ишкер Жалил Атамбаев УКМКга чакырылды. Анын атайын кызматта иштеген баласы болсо жумушунан кол жуушу ыктымал экен. Ал арада өлкөдөгү эпидкырдаал курчуп, коронавирустан дагы 5 өлүм катталды.

Түнкү саат 12ден тарта үгүт иштери башталат. Бул сапар президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда.

Судья Сабыр Соданбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлсүн! Ушундай талап менен интернетте виртуалдык митинг жүрүүдө. Фемида өкүлү 13 жашар кызды зордуктоого шектелгендердин экөөнү бошотуп, биринин жазасын жеңилдеткен чечим чыгарган.