Жаңылыктар / 15.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

606

39 адамдын өмүрүн алган каргашалуу окуяга эртең бир жыл болот. Президент ата-энесинен айрылган балдар менен жолугушуп, көңүл айтты. Ал эми Дача СУда курман болгондордун элесине эстелик тургузулду.

Милициянын катарын катардагы жарандар толуктайт. Шаардык ички иштер башкармалыгы орто билими бар, аскерге баргандарды кызматка чакырууда.

Оор илдетке кабылгандардын эсебинен кирешеге маарыгандар ооздукталабы? Дары дармекти 300 пайызга кымбат сатып алып жаткан бейтаптар ортомчуларды аралаштырбоону суранышты.

Кыргызстанда тыюу салынган азыктардын сатылып жатканына ким жооп берет? Депутаттарды тамак-аштын сапаты тынчсыздандырды.