Жаңылыктар / 15.02.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

501

Президент текшерүүнү бизнеске айлантууну токтотууну буйруду. Өлкө жетекчиси ишкерлерге кысым көрсөткөн органдар ооздукталаарын айткандан кийин, жабыркаган бизнесмендер ачыкка чыга баштады.
Өлкөдө коррупционерлердин тизмеси түзүлөт. Ал эми жемкорлукка каршы күрөшүү кызматынын иши өзгөртүлүп, ар бир жумушчунун ээлеген ордуна ылайыктуулугу текшерилет.
Кыргызстанда футбол мелдештерин өткөрүүгө тыюу салынышы мүмкүнбү? «Спартак» стадионунун абалы спортчуларды тынчсыздандырууда.
Ооганстандан Совет аскерлеринин чыгарылгандыгына 29 жыл толду. Бишкекте согуш ардагерлери майданда жоготкон жоро жолдошторун эскеришти.