Жаңылыктар​ / 15.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

762

Бишкекте чек ара көйгөйүнө байланыштуу кезектеги митинг өттү. Чогулгандар Тажикстан менен чектеш аймактагы айрым жер тилкелери коңшу өлкөгө өтүп жатканын билдиришсе, өкмөт мүчөлөрү муну четке кагышты.

Кыргызстан тышкы карызды убагында төлөбөсө кайсы ири объектилер насыя берген тарапка өтүп кетиши мүмкүн? Ушундай жагдайга кептеген келишимдерге ким кол койгон?

Кумшекердин баасы күн сайын 50 тыйын — 1 сомго кымбаттап жатат. Аткаминерлер азыктын запасы жетиштүү дегени менен, наркты түшүрүү аракети байкала элек.

Балдардын оюн-зоок борборлору иштеп жатат, маданий жайларда концерттер өтүүдө. Бирок калаа бийлиги мектептерди ачуудан кооптонууда. Мэрия жеке менчик билим берүү мекемелеринин кызыкчылыгын коргоп жаткан жокпу?