Жаңылыктар / 15.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1047

Жалал-Абадда кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген 4 адам табылбай жатат. Аларды 60тай киши издөөдө. Дагы кар көчкү жүрүү коркунучу жаралууда.

Кыргызстандын бийлиги менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталып бара жатат. Акылбек Жапаров тараптар 15-мартка чейин «тынчтык жолу менен тарап кетишет» деп билдирди.

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо иштери быйыл жыл аягына чейин толук аягына чыгарылсын. Президент Садыр Жапаров Чүй областына болгон жумушчу сапарынын алкагында аткаминерлердин алдына бир топ тапшырмаларды койду.

Кыш башталганы биринчи жолу калың жааган кар, белчесинен балчыкка баткан борбор калаа. Калаа тургундары бир жааган карды тыңыраак тазалай албай калган шаар жетекчилигине нааразычылыктарын айтышууда.