Жаңылыктар / 15.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1122

Өлкөдөгү соода түйүндөрүнө 1 миң тонна кумшекер, 500 миң литр өсүмдүк майы таратылууда. Өзгөчө кырдаалдар министри мындан кийин кумшекердин 1 килограммы 70, ал эми өсүмдүк майы 130 сомдон кымбат сатылбайт деп кепилдик берди.

Эмне үчүн диплому шек жараткан аткаминерлердин аты жөнү ачыкталбай жатат? УКМК шек санагандардын көпчүлүгү өлкөнүн алдыңкы университеттеринде билим алган деген документтери бар.

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий кызматташтык. Президент Садыр Жапаров, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларынын ишеним грамоталарын кабыл алды.

Сирияга кетүү үчүн Кыргызстандын паспортун жасатууга аракет кылып жүргөн чет элдиктер кармалды. Алар эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатын көздөшкөн.