Жаңылыктар / 15.04.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

424

Германияга расмий сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбеков ал жактагы кыргызстандыктардан кабар алды. Бүгүн болсо федералдык канцлер Ангела Меркель менен жолугушат.

Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча соттук процесс дагы артка жылдырылды. Атайын кызматтын мурдагы жетекчисинин абалы оорлошкону кабарланды.

Таза сууга зар болгон элет эли. Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын тургундары жергиликтүү бийликтен таза суу көйгөйүн чечип берүүсүн талап кылышууда.

Жогорку окуу жайга тиешелүү болгон жер тилкеси кандайча жеке жакка өтүп кеткен? Бул маселенин кесепетинен эки тараптын ортосунда жаңжал чыгып кете жаздады.