Жаңылыктар​ / 15.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1214

Райым Матраимовго карата козголгон кылмыш иши кыскартылып, ал абактан бошотулду. Экс-аткаминер 20 миллион сомго бааланган батирин мамлекетке өткөрүп берди.

Кайрадан митинг. Бишкекте 2 нааразычылык акциясы өтүп, бир тарап Ички иштер министринин отставкага кетишин талап кылса, экинчи жак буга каршы чыгып, ортодо кайым айтышуу болду.

Чүйдө насыясын төлөй албагандар айыл өкмөттүн имаратын басып алышып, өздөрүн өрттөйбүз, деп коркутушту. Эки аялды премьер-министр кабыл алды.

Биз менен ооз ачыңыз акциясы уланууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ифтарга жетишпей калгандарга бир ай бою чакан баштыкчыларды таратат.