Жаңылыктар / 15.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1076

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Өкмөт бейтапканаларда кошумча орундарды ачыш керек десе, Саламаттыкты сактоо министрлиги түнкү клубдар менен соода борборлорун жабууну сунуштоодо.

Негизсиз айыптоонун аягы жакшылыкка алып келбейт. Бир катар коомдук ишмерлер маалымат жыйынын өткөрүп, анда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов тууралуу атайын билдирүү жасашты.

Бишкектин дагы бир мурдагы вице-мэри мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. УКМК экс-жетекчи кызматтык абалынан пайдалануу менен 100 миллион сомдук байлык топтогон деп шектелүүдө.

Россиянын Новосибирск шаарындагы май куючу жайдагы жарылуудан жабыркагандардын 3 кыргызстандыктын абалы туруктуу, өмүрлөрүнө эч кандай коркунуч жок. Кыргызстандын консулдугу маалымат берди.