Жаңылыктар / 15.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

776

Кара-Кечеде тоонун көчүүсү токтобой жатат. Жаратылыш кырсыгы көмүр ташууну үзгүлтүккө учуратабы?

Добуш сатып алуу аракетиби же мыйзамды тоготпогондукпу? Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун берген «сүйүнчүсү» тууралуу маселени Боршайкомдун жумушчу тобу карап чыгат.

Иштебесе дагы, тиштегендер. Жарандык активисттер Жогорку Кеңештин депутаттарын сентябрдын маянасынан баш тартууга чакырышууда. Себеби дээрлик көпчүлүгү шайлоонун убарасын тартып, үгүт иштери менен жүгүрүп жүрүшөт.

Алайда уникалдуу петроглифтерди талкалоо — бул вандализм жана ага тиешеси барлар жоопкерчиликке тартышылышы зарыл. Тиешелүү министрлик жерине атайын адистерди, археологдорду жөнөтө турган болду.