Жаңылыктар / 15.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

915

«Бийликти күч менен басып алуу» айыбы тагылгандар. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынса, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев суракка чакырылды. Кезек кимдерде?

Оюндан от чыкты. Ысык-Көл областынын Түп районундагы Сары-Булуң айылында чөп өрттөнүп, 4 жана 6 жаштагы бөбөктөр каза болду.

Жайкы каникулдан жаңы эле келген депутаттар бул жумада жыйынга чогулушпайт. Эл өкүлдөрү чарчадыбы же шайлоого даярдануудан бошобой жатышабы? Иштебеген күндөрү үчүн эми айлыктары кесилеби?

Көп убакытка созулган тыныгуудан кийин кагылган алгачкы коңгуроо. Өлкө боюнча 159 миңге жакын окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттады. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу билим жайларына талаптар күчөтүлдү.