Жаңылыктар / 15.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1378

Фарм мафияга тиешеси бар экинчи адам кармалды. Ал мурдагы министрдин жакын тууганы. Камчыбек Ташиев Космосбек Чолпонбаевдин карындашы шектүү экенин айткан.

Жогорку Кеңешке жогорку билимдүү деген диплому барлар эмес, иштегенди билгендер келиши керек. Мыйзамдагы жаңы талапты жокко чыгарууну өтүнүп 3 жаран конституциялык сотко кайрылышты.

5 саатта 40 миллион сом чогултулду. Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун курулушуна каражат жыйноо үчүн марафон өткөрүлдү.

Электр жарыгын үнөмдөгүлө дегенден кийин колго жасалган темир мешке талап күчөдү. Базарда анын баасы эки эсеге жогорулап кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай мештерди колдонуудан алыс болууга чакырды.