Жаңылыктар / 15.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

977

Колу таза эмес тартип сакчылары. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү «опузалап пара алуу» фактысы боюнча кармалды. Алар акча алгандан кийин алдамчылык фактысы боюнча ишти жаап коюшкан.
Үч баласы иске ууланып каза тапкан келиндин абалы жакшырып, эсине келе баштады. Жаш эне өтө оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген болчу. Ал арада адистер кыш келгенде мештен чыккан истен абайлоо керектигин айтып, билдирме таратышууда.
Алдыңкы 2 апта аралыгында күйүүчү-майлоочу май кескин кымбатташы күтүлүүдө. Нефтетрейдерлердин ири компанияларды салыктан жеңилдетүү сунушуна, Министрлер кабинети жооп бере элек.
Майда жана орто ишкерчиликтин кендирин кескен энергетикалык каатчылык. Бир топ чачтарачканалар ысык суунун жоктугунан кардарларды тейлей албай жатса, темир иштетүүчү заводдо бир жумадан бери жумуш токтогон.