Жаңылыктар / 15.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

795

Кымбат баалуу имараттар, престиждүү коттеждер, люкс-класстагы автоунаалар жана Мальдив аралдарындагы эс алуулар. Жумушунан башка киреше булактары жок болгон Жогорку соттун судьясы «мыйзамсыз баюуга» шектелип колго түштү.

Тайырбек Сарпашевдин бир туугандары дагы бир обьектти мамлекеттин эсебине өткөрүп берет. Буга чейин 530 гектар жер тилкелерин айыл өкмөтүнө кайтарышкан болчу.

Референдумду өттү деп таануу үчүн жалпы шайлоочулардын кеминде 30 пайызы катышуусу зарыл. Кош шайлоонун үгүт иштери башталды.

5-6 жаштагы баланын жакындары изделет. Ал такыр укпагандыктан жана сүйлөбөгөндүктөн маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Дарыгерлер бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган болушу мүмкүн экендигин айтышууда.