Жаңылыктар / 15.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1033

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылды. Жаңы эл өкүлдөрүнө депутаттык күбөлүк, төш белги кийинки аптада берилери кабарланды. Ал арада уюштуруучу топ келечектеги парламентарийлерди кабыл алууга даярдана баштады.

Адам өлтүрүү, куралдуу кол салуу, уурулук, каракчылык. Башкы прокуратура өлкөдө оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны өсүп жатканын билдирди. Кылмыштардын бетин ачуу болсо төмөндөөдө.

Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарада берилген бети катага толгон алкыш баракчалары. Маданият министрлиги кызматтык иликтөө баштап, жооптуу адамдарга чара көргөнү жатат. Учурда иш-чараны кайсы сабатсыз аткаминер уюштурган деген суроо турууда.

Жаңы жылга балатыны кыйып келип кооздобой, тескерисинче анын көчөтүн отургуз. Бишкек шаарында майрамга карата түркүн түс берип, кооздугу менен өзгөчөлөнгөн ийне жалбырактуу дарактар сатыла баштады.