Жаңылыктар / 16.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

516

Кыргызстандыктар учак кырсыгынан курман болгондорду эскерди. Дача СУдагы каргашалуу окуяда каза тапкандардын жылдыгы өттү.

Кайсы министрликтер жоюлуп, канча аткаминер ээрден шыпырылат? Өкмөттүн түзүмүн 10 пайызга чейин кыскартуу боюнча комиссия түзүлдү.

Тартип сакчылары «эң жакшы коргонуу-чабуул жасоо» ыкмасын колдонобу? Жол кырсыгына күнөөлүү майор жабырлануучуга каршы арыз жазды.

Насыянын жаңы ыкмасы. Дыйкандар кредит алуу үчүн күрөөгө түшүмүн койсо болот. Бирок банктар бат бузула турган жашылча жемишке карызга акча берүүгө макул болушу күмөн.