Жаңылыктар​ / 16.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

811

Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. Театр жана кинонун жылдызы, Эл Артисти Жамал Сейдакматова 82 жашында дүйнө салды.

Бишкекте бүгүн дагы чек ара маселесине байланыштуу митинг улантылды. Өкмөт башчы болсо “Фейсбук” аркылуу кайрылуу жасап, Баткен областына өзгөчө статус берүү каралып жатканын билдирди.

Мектептерге электрондук каттоого тургузуу бизнеске айландыбы? Балдарын кезекке тургуза албай кыйналган ата-энелердин нааразычылыгы күчөдү.

2 жашында катуу сабалып үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Ибрагим турак-жайлуу болду. Кайрымдуулук менен алектенген Рахим фонду 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.