Жаңылыктар / 16.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1426

“Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясы ар тармакта 30дан ашык долбоорду ишке ашырат. Президент Садыр Жапаров аталган мекеменин ишмердүүлүгү боюнча алгачкы жумушчу кеңешин өткөрдү.
Жогорку Кеңештин депутаттары ЕЭАБдин алкагында макулдашуулар бузулуп жатканын айтып нааразы. Себеби аткарылбаган келишимдин кесепеттерин мигранттар менен ишкерлер тартууда.
Дыйкандарды дүрбөлөңгө салган токтомдор, сугат суу таңсыктыгы жана күйүүчү майдын кескин кымбаттоосу. Министрлер кабинети парламентте жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча маалымат берди.
Айтылган сөз көп, бирок жасалган иштер байкалбайт. Айрым конуштун тургундары мэрдин отставкасын талап кыла башташты. Айтымдарында, ордо калаанын кейпи кетип, мурда жасалган долбоорлордун да таш-талканы чыгууда.