Жаңылыктар / 16.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

467

Укук коргоо жана көзөмөл органдары люстрацияга муктажбы? Социал-демократтар фракциясы ИИМдин, прокуратуранын ишин сынга алды.

Мамкаттоодо абал кандай? Жасалма паспорттор боюнча бир да адамдын жоопкерчиликке тартылбаганы депутаттарды нааразы кылды.

Эрезеге жеткен жетимдердин келечегине ким кам көрөт? Балдар үйүнөн чыккан улан-кыздардын көбүнүн тагдыры оор. Аткаминерлерге каралган кызматтык үйлөрдү ата энеси жокторго берүү сунушталды.

Кыргызстанга той өткөрүүнүн жаңы форматы керек. Интеллигенция өкүлдөрү акшылыктарды уюштуруунун сценарийин иштеп чыкмай болду.