Жаңылыктар / 16.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2625

Коронавирус илдети Кыргызстанга да жакындап келе жатат. Премьер-министр текшерүүлөрдү күчөтүп, бардык кырдаалга даяр болууга чакырды.

Паникага алдырбагыла, тамак-аш жетиштүү! Элдин дүрбөлөңүнөн пайдаланып, азык-түлүктүн баасын негизсиз кымбаттатып жиберген чайкоочуларга карата кылмыш иши козголду.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пунктунда кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын саны өсүүдө. Буга кошуна мамлекеттин өзгөчө кырдаал режимин жарыялаганы себеп болду.

Короновирустун эпицентри Европага ооп, илдет Кытайда жеңиле баштады. Экономисттер болсо чыгымдарды эсептешүүдө. Көрсөткүч асман чапчыйт.