Жаңылыктар​ / 16.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

899

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, «Датка Кемин» электр чубалгылары жана Бишкек жылуулук берүү борборун Кытайга алдырып жиберүү коркунучу бар. Президент Садыр Жапаров тышкы карыздын тобокелчиликтерин айтты.

Коронавирус менен ооругандар көбөйсө, карантиндик эрежелер кайрадан киргизилиши ыктымал. Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө экенин эскертти.

Ирактагы 79 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бөбөктөр ал жакта калган энелеринин уруксаты менен алып келинди.

Тамтыгы чыккан жолдор автоунаа оңдоочу жайында кардарларды көбөйтүүдө. Быйыл Бишкекте 43 миллион сомго көчөдөгү чуңнкурлар жамалат. 50 чакырым жол толугу менен асфальтталат.