Жаңылыктар / 16.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1542

Жарандарды сызга отургузган кооперативдердин былыктары ашкереленүүдө. Мындай бирикменин 2 жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды.

Бир катар азык-түлүктөрдү сатууда чайкоочулукка жол берип жаткан кызыкулактарды таап, жазалоого УКМК менен милиция киришүүсү керек. Парламент депутаттары базардагы спекулянттар Монополияга каршы комитетин тоготпой жатканын айтышууда.

Бишкекте аялын мыкаачылык менен сабаган чет элдик адам табылбай жатат. Ал тышка чыгып кетиши да мүмкүн экени айтылууда. Ал арада ур-тепкиге кабылган келин өмүрүнөн кооптонуп, жашырынууга мажбур экенин билдирди.

30 жылдык тарыхы бар Чүй областтык драма театры юбилейине даярданууда. Бирок алар даярдаган оюн кайсы театрдын сахнасында көрүүчүлөргө сунушталары чечилбей жатат.