Жаңылыктар / 16.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

654

Биз жардамга муктажбыз! Бишкектеги «Берекет» базарындагы өрттөн жабыркаган 100дөй соодагер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

Тогуз-Тородогу массалык башаламандыктын артында кимдер турат? 50дөй киши кылмышка шектүү катары өтүүдө.

Президент кетирген адамды премьер-министр кайрадан башка кызматка дайындады. Жакында эле УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мекемесинин башчысы болуп калды.

Контрабандага шектелип кармалып, кош жарандуу болуп чыккан депутат мандатынан ажырады. Эми ага чыгымдалган каражаттарды өлкө бюджетине кайтартып алуу зарыл деген сунуштар айтылууда.