Жаңылыктар / 16.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

781

Бишкек ТЭЦи боюнча териштирүү күчөдү! 600 долларга бааланган кычкачтардын баасы 2,5 миң сом болуп чыкты. Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо уланды.

Сот тармагында «тазалануу» башталдыбы? Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев эмне себептен кызматынан алынды?

Соодагерлер дүрбөлөңгө түштү! Бишкектеги базарлардын бирине «бомба коюлган» делген маалымат түшүп, соода жайындагылар эвакуацияланды.

Быйылкы ажылык сапардын баасы эмнеге 9 миң сомго кымбаттап кетти? Муфтият Меккеге боло турган зыяраттар боюнча маалымат берди.