Жаңылыктар / 16.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1262

1-сентябрдан тарта электр энергиянын баасы кымбаттайт. Министрлер кабинети тариф саясаты боюнча дагы бир токтомду коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, өкмөт жарыктын баасын жыл сайын жогорулатууну пландап жатыптыр.

Cуу тартыш, азык-түлүк кымбат, бирок силер чыдап тургула! Өкмөт өкүлдөрү сугат маселеси жана антикризистик чаралар боюнча маалымат беришти.

Алгач акыйкаттык орномоюнча башка жасаган иштен пайда жок. Катардагы жарандар Өмүрбек Бабанов боюнча байма-бай кайрылуу жасашууда.

Коронавирус боюнча көрсөткүч былкыркы «апааттуу июль айына» жакындап калды. Дарыгерлер жарандарды санитардык талаптарды сактап, этият болууга чакырышууда.