Жаңылыктар / 16.09.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

432

Тажикстан тарап такталбаган аймактагы курулуш иштерин токтоткон жок. Эки өлкөнүн жарандары ортосундагы чыр-чатакты алдын алуу үчүн чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда.

Абакта абалы начарлаган аткаминерлердин саны өсүүдө. Жабык жайдагы эки экс-премьер-министр дарыланууга муктаж экенин билдиришти. Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду.

Латын алфавитине өтүүнүн кажети жок. Мамлекет жетекчиси Сооронбай Жээнбеков коомчулукта талкууланып жаткан маселе боюнча пикирин билдирди.

Түйшүккө салган түшүм. Былтыр картөшкө айдагандар кыйналса, быйыл кант кызылчасын өстүргөндөрдүн абалы оорлоду.