Жаңылыктар / 16.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

707

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармала баштады. Бишкекте 7 киши кылмышка даярданып жатканда колго түшкөн. Бирок милиция алар кайдан келгенин жана кандай кылмышка барышмак, ачыктаган жок.

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды. Ошондой эле ал «элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүүгө да шектелүүдө.

Кара-Кечеде көчкү басып калган жерди тазалоого мүмкүн эмес. Өкмөт аны айланып өтүүчү жаңы автожол курууга киришти. Ал арада көпчүлүктү көмүр кымбаттабайбы? деген суроо кызыктыра баштады.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө COVID-19 илдетине чалдыккандар кескин көбөйүүдө. Бир катар мамлекеттер оорунун алдын алуу чараларын күчөтүүгө киришишти. Ал эми Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна даярбы?