Жаңылыктар / 16.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1180

Душанбе шаарында өткөн ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек ара маселеси көтөрүлдү. Садыр Жапаров бул уюмга мүчө болгон бир өлкө экинчисине кол салган учурда ЖККУнун алкагында ыкчам чара көрүлүшү керек деп билдирди.

Бийликти басып алуу тууралуу аудио тасмага байланыштуу экинчи адам камакка алынды. Курсан Асановдон кийин эле Алмаз Сарыбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Унаа тартыштыгы, аялдамада топтолгон эл. Жаңы окуу жылынын башталышы менен шаардыктардын жолдо жүрүүсү кыйындады. Ал эми Бишкек шаардык мэрия жол кирени кымбаттатууну сунуштады.

25-сентябрда Кыргызстанда мыкты боз үй тандалып алынат. Учурда сынакка катышууну каалаган кол өнөрчүлөрдүн билдирмелери кабыл алынууда.