Жаңылыктар / 16.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

831

Түркияда 3 айлык маянасын ала албай көчөдө калган 17 кыргыз жаранынын маселеси чечилүүдө, дешет аларды келишим менен чет элге жөнөткөн компанинын өкүлдөрү.

«Датка-Кемин» долбоорунда коррупциянын деңгээли канчалык болгон? Анын курулушунда каражаттын сарпталышын иликтөө үчүн комиссия түзүү керек, дешет депутаттар.

Жетекчисиз калган министрликтердин башчылыгына кимдер келээри белгилүү боло баштады. Тышкы иштер министрлигине — Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков сунушталды.

Жаңы жылдан кийин күчүнө кире турган ОСАГО системасы кимдин пайдасына иштейт? Унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча азыртадан эле суроолор көп.